Бишкектин Свердлов районунда таштанды иргөөчү аянтча иштеп жатат

  • 1 год мурун

Борбор шаардын Свердлов районунда катуу таштандыларды иргөөчү аянтча иштеп жатат. Пилоттук долбоордун алкагында аянтча Токтогул жана Шопоков көчөлөрүнүн кесилишинде орнотулган.

Бул тууралуу Бишкек мэриясынын басма сөз кызматы билдирди.

Эко аянтча улуттук жана эл аралык стандарттарды, санитардык-гигиеналык нормаларды эске алуу менен таштандыларды иргөө үчүн атайын курулган.

Евроконтейнердин ичине видеокөзөмөл камера орнотулуп, борбордук байланыш системалары кошулду: суу, канализация жана электр энергиясы.

Таштандыларды иргөөчү бөлмө жабдылып, аристон жана кондиционер орнотулду.

Таштанды контейнерлери жаан-чачындан (жамгырдан, кардан) коргоо үчүн атайын бөлүнгөн жерге чатырдын астына коюлган.

Долбоордун максаты шаардыктарда таштандыны өзүнчө чогултуу маданиятын калыптандыруу жана экологиялык аң-сезимди өнүктүрүү;, экологиялык абалды жакшыртуу жана ден соолукту сактоо,, жеке компанияларды тартуу жана шаардын киреше бөлүгүн көбөйтүү.

Жалпысынан Бишкек шаарынын мэриясы таштандыларды чогултуу жана иргөө үчүн 100 пункт курууну пландоодо.

Азыр таштанды иргөөчү пункттар пилоттук долбоордун алкагында таштанды сорттоо үчүн атайын эко-жай Биринчи май районунун аймагындагы Панфилов көчөсү №188/2 дарегинде., экинчи пункт пилоттук долбоордун алкагында шаардын Керимбеков көчөсүндө ачылды.Туңгуч кичи районунун Анкара көчөсүндө таштанды иргөөчү дагы бир жай ачылды.

Сүрөт: Мэриянын басма сөз кызматы.

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты