Бишкекте таштанды иргөөчү дагы бир пункт иштей баштады

  • 1 год мурун

Бишкек шаарында таштанды иргөө боюнча экинчи пункт иштей баштады. Бул тууралуу муниципалитеттен маалымдашты.

Маалыматка ылайык, катуу тиричилик калдыктарын сорттоо боюнча экинчи пункт пилоттук долбоордун алкагында шаардын Керимбеков көчөсүндө ачылды.

Маалыматта белгиленгендей, таштандыларды алгачкы сорттоо үчүн атайын эко аянтча улуттук, эл аралык стандарттарды жана санитардык-гигиеналык нормаларды эске алуу менен курулган.

Евроконтейнерлерге видеобайкоо камералары, борбордук коммуникация системалары — суу менен камсыздоо, канализация жана электр энергиясы орнотулган. Таштанды челектери жаан-чачындан коргоо үчүн атайын бастырманын астында жайгашкан.

Белгилей кетсек, долбоор инвесторлордун каражаттарынын эсебинен ишке ашырылууда.

Эскерте кетсек, буга чейин Бишкектин Панфилов көчөсүндө пилоттук түрдө таштандыны иргей турган жай иштей баштаган.

Муну бөлүшүү

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты