Бишкекте таштанды иргөөчү дагы бир пункт иштей баштады
- 8 months мурун
Бишкек шаарынын Туңгуч кичи районунун Анкара көчөсүндө таштанды иргөөчү дагы бир жай ачылды.
Бишкек шаардык мэриясынын басма сөз кызматы кабарлагандай, таштанды ылгоо жайынын жалпы аянты 100 чарчы метр. Анда 12 контейнер коюлган, эки видеокамера орнотулган. Суу түтүктөрү, канализация жана электр жарыгы тартылган. Таштанды ылгоо үчүн 15-16 чарчы метр келген жай бөлүнгөн.
Буга чейин Бишкек шаарында дагы таштанды иргөөчү эки жай ачылганы кабарланган.
Сүрөт: Мэриянын басма сөз кызматы.
Муну бөлүшүү