Бишкекте таштанды иргей турган жай ачылды

  • 1 год мурун

Бишкек шаарында таштанды иргей турган пункт иштей баштады. Пилоттук долбоордун алкагында таштанды сорттоо үчүн атайын эко-жай Биринчи май районунун аймагындагы Панфилов көчөсү №188/2 дарегинде ачылды.

Мэриядан билдиришкендей, эко-жайдын жалпы аянты 147,1 чарчы метр, анда 12 евроконтейнер, эки видеобайкоо камерасы орнотулган.

«Таштандыны иргөө үчүн 15-16 чарчы метр иш бөлмө курулуп, суу, канализация жана электр энергиясы менен камсыздалды. Таштанды контейнерлерин жаан-чачындан коргоо үчүн атайын бөлүнгөн жердин үстү тосулду. Ошондой эле контейнерлерди орнотууда жакынкы үйлөрдүн калкы да эске алынган, — деп айтылат маалыматта.

Долбоордун максаты — жарандардын маданиятын калыптандыруу жана экологиялык аң-сезимди өнүктүрүү, экологиялык абалды жакшыртуу жана ден соолукту сактоо, жеке компанияларды тартуу жана шаардын киреше бөлүгүн көбөйтүү.

Мэрия мындай аянтчаларды жайгаштыруу иштери башка райондордо дагы улантылып жатканын билдирди.

Муну бөлүшүү

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты