Сууктан улам, Бишкектин  мектептеринде үч күн сабактар кыскартуу менен өтүлөт

  • 3 месяца мурун

Бишкектин мектептеринде сууктан улам 17, 19 жана 20-февралда сабактар кыскартылуу менен өтүлөт.

Бул тууралуу борбор шаардын мэриясы кабарлады.   
Бишкекте 17, 19, 20-февралда биринчи нөөмөт саат 9:00дө башталат, ал эми экинчи нөөмөт саат 16:00дө бүтүшү керек, сабак 30 мүнөткө созулат.
Бала бакчалар кадимки режимде иштеп жатат. Бирок, эгерде ата-энелер кааласа балдарын чоңдордун көзөмөлүндө үйдө калтыра алышат.
Мындан тышкары, жеке менчик билим берүү уюмдарына өзгөчө кырдаалдар министрлигине караштуу Кыргызгидрометтин аба ырайы тууралуу маалыматын эске алуу менен окуу процессин уюштуруу сунушталат.
Бишкек шаарынын мэриясы бул жагдайга окуу процессинин бардык катышуучуларын түшүнүү менен мамиле кылууну өтүнөт. Кошумча суроолор боюнча: 0709 240 284 номуруна кайрылсаңыздар болот.

Өзгөчө кырдаалдар министрлиги 16-февралда күндүз, 17-февралда түнкүсүн жана күндүз Ош, Жалал-Абад, Баткен, Ысык-Көл, Нарын облустарынын көпчүлүк аймактарында, Чүй, Талас облустарынын айрым жерлеринде мезгил-мезгили менен кар жаап, абанын температурасы кескин төмөндөй турганын билдирди.

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты