16-18-февралда өлкөдө аба-ырайынын кескин өзгөрүлүшү күтүлөт
- 8 месяцев мурун
16-февралда күндүз, 17-февралда түнкүсүн жана күндүз Ош, Жалал-Абад, Баткен, Ысык-Көл, Нарын облустарынын көпчүлүк аймактарында, Чүй, Талас облустарынын айрым жерлеринде мезгил-мезгили менен кар жаашы күтүлөт.
Бул тууралуу өзгөчө кырдаалдар министрлиги эскертти.
18-февралда Ош, Баткен облустарынын көпчүлүк аймактарында, Жалал-Абад, Нарын облустарынын айрым жерлеринде мезгил-мезгили менен кар жаашы күтүлөт.
Айрым жерлерде туман түшөт.Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы айрым жерлерде секундасына 17-22 метрге жетиши күтүлөт.
17-18-февралда абанын температурасы төмөндөйт:
-Чүй өрөөнүндө түнкүсүн -18…-23°, түндүгүндө -22…-27°, күндүз -7…-12°;
-Талас өрөөнүндө түнкүсүн -20…-25°, күндүз -8…-13°;
-Ош, Жалал-Абад, Баткен облустарынын өрөөндөрүндө түнкүсүн -5…-10°; күндүз 0…-5°,
-Ысык-Көл ойдоңунда түнкүсүн -10…-15°, күндүз -4…-9°;
-Нарын облусунун дыйканчылык аймактарында түнкүсүн -16…-21°, күндүз -4…-9°;
Республиканын тоо этектеринде түнкүсүн -19…-24°, күндүз -9…-14°;
республиканын тоолуу райондорунда түнкүсүн -20…-25°, күндүз -11…-16°;
бийик тоолуу райондордо жана Суусамыр өрөөнүндө түнкүсүн -28…-33°; күндүз -13…-18° суук болушу күтүлөт.