Бишкектин Ленин райондук сотунун сот аткаруучулары кылмышка шектелүүдө

  • 2 месяца мурун

Бишкек шаарынын Ленин райондук соттук аткаруучулар кызматынын айрым кызматкерлери тарабынан уюштурулган туруктуу коррупциялык схема аныкталып, ага бөгөт коюлду.

Бул тууралуу Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинин (УКМК) басма сөз кызматы билдирди.

УКМК басма сөз кызматы билдиргендей, тергөөнүн жүрүшүндө сот аткаруучулар А.А.А. жана М.Т.С. жеке кызыкчылыктарын көздөп, кызматтык милдеттерин аткарып жатып, жарандардан опузалап акча талап кылуу жана алуу үчүн ар кандай шарттарды түзүшкөн.

Тактап айтканда, жарандык талаш-тартыштарды кароонун жыйынтыгы боюнча сот чечими, адатта, тараптардын биринин пайдасына чыгарылат жана сот аткаруучулар анын кызыкчылыгы үчүн белгилүү бир аракеттерди жасоого милдеттүү (камакка алуу, карызды өндүрүү, карызды кайтарууга көмөктөшүү ж.б.).

Бирок, А.А.А. жана М.Т.С.  бул процессти создуктуруп, аларга мыйзамсыз акчалай сыйлык берилмейинче, өздөрүнүн функционалдык милдеттерин аткарышкан эмес.

18-февралда козголгон кылмыш иштин алкагында аталган кызматкерлер кылмыш-жаза кодексинин 337-беренесинде («Кызмат абалынан кыянат пайдалануу») каралган кылмышка шектелип, УКМКнын тергөө абагына камакка алынды.

Сүрөт: УКМК басма сөз кызматы

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты