Бишкектин “Көк-Жар” конушунда эртең суу өчүрүлөт

Бишкектин Көк-Жар конушунда 25-августта саат 10:00дөн 21:00гө чейин “Көк-Жа” конушунда суу өчүрүлөт. Бул тууралуу Бишкек мэриясы билдирди.

Өчүрүү аймагы: Куйручук көчөсү – Курманжан Датка көчөсү (мурдагы 7-апрель көчөсү) – Молдокулов  көчөсү (батыш тарабы) – Курманжан Датка көчөсүнө (мурдагы 7-апрель көчөсү) чейин.

Суу берүү суу түтүгүн алмаштырууга байланыштуу аталган убакыттарда токтотулат.

«Бишкек суу канал» муниципалдык ишканасы ыңгайсыздык жараткандыгы үчүн кечирим сурайт жана тургундардан жана уюмдардан ичүүчү сууну алдын ала камдап алууну суранат.

Иллюстрациялык сүрөт: Интернет булактарынан

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты