Бишкектин “Энесай”, “Дордой” конуштарында суу убактылуу өчүрүлөт

  • 1 год мурун

4-мартта Бишкектин Энесай»,  «Дордой — 1» жана «Дордой — 2» конуштарынын турак үй, мектеп, балдар бакчасы, саламаттык сактоо объекттеринде жана башка социалдык-тиричилик багыттагы жана өнөр-жай объекттеринде ичүүчү суу берүү саат 9.00дөн 15:00 гө чейин токтотулат.

Бул тууралуу Бишкек мэриясы билдирди.

Суу «Энесай» суутоптомосунда жана шаардык суу түтүк тармактарына оңдоо иштерин жүргүзүүгө байланыштуу өчүрүлөт.

«Бишкексууканал» ишканасы келтирилген ыңгайсыздык үчүн кечирим сурайт жана калкты, уюмдарды ичүүчү сууну эртелеп камдап алышын суранат.

Сүрөт: Интернет булактарынан

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты