Бишкектин бир катар көчөлөрүндө унаа кыймылына убактылуу чектөө киргизилет
- 3 месяца мурун
21-июндан тартып Бишкек шаарындагы Апсамат Масалиев проспектисинин түндүк тарабындагы ( «Нават» чайканасынын жанындагы) жол тилкеси убактылуу жабылат.
Бул тууралуу Бишкек шаарынын мэриясы билдирди.
Чектөөлөр жөө жүргүнчүлөрдүн коопсуздугун камсыз кылуу максатында жер алдындагы жөө адамдар өтүүчү өтмөктү куруу иштерине байланыштуу киргизилүүдө.
Жаш Гвардия бульвары менен Лев Толстой кесилиши унаа кыймылы үчүн убактылуу жабылат.
24-июндан тартып Жаш Гвардия бульвары менен Лев Толстой көчөсүнүн кесилишиндеги жаңы транспорттук жол түйүнүн жана көпүрөнү куруу иштеринин экинчи этабынын алкагында аталган кесилиши унаа кыймылы үчүн убактылуу жабылат.
Долбоордун биринчи этабында Бөкөнбаев көчөсүнөн Лев Толстой көчөсүнө чейин Бакаев көчөсүн улап ачуу иштери жүргүзүлгөн.
Васильевский тракт көчөсүн реконструкциялоо башталат
23-июндан тартып борбор шаардын Фучик көчөсүнөн тартып «Манас» эл аралык аэропортуна чейинки тилкеде башталат. Реконструкция иштери этап менен айрым бөлүктөргө бөлүнүп жүргүзүлөт.
Иштер жүрүп жаткан учурда жол толугу менен жабылбайт. Оңдолуп жаткан тилкеде көчөнүн бир тарабы гана убактылуу жабылып, унаа кыймылы жолдун экинчи тарабы аркылуу эки багытта уюштурулат.
Мындай ыкма транспорттук байланышты сактап, шаар тургундары жана коноктор үчүн ыңгайсыздыктарды азайтууга мүмкүндүк берет.
Чектөө иштер жүргүзүлүп жаткан айрым тилкелерде реконструкция толук аяктаганга чейин этап-этабы менен киргизилип турат.
Бишкек шаарынын мэриясы багытыңызды алдын ала пландаштырууну өтүнөт.
Иллюстрациялык сүрөт: Интернет булактарынан




