Бишкектин бир бөлүгүндө суу убактылуу өчүрүлөт

  • 2 месяца мурун

Бишкектин айрым райондорунда 9-апрелде саат 09:00дөн 20:00гө чейин турак жайларда, мектептерде, мектепке чейинки билим берүү мекемелеринде, саламаттыкты сактоо мекемелеринде жана башка социалдык жана өнөр жай объектилеринде ичүүчү суу берүү токтотуларын Бишкек мэриясы билдирди.

Өчүрүү аймагы: Чүй проспекти – Фрунзе көчөсү – Манас проспектиси Жибек-Жолу проспектиси аркылуу Ала-Арча суусуна чейин – Турусбеков көчөсү – Баялинов көчөсү – Абдрахманов көчөсү.

Суу берүү «Белинский» суу топтомосунда жана шаардык суу түтүк тармактарында оңдоо иштерин жүргүзүүгө байланыштуу токтотулат.

Бишкектин бир бөлүгүндө суу убактылуу өчүрүлөт



«Бишкек суу канал» муниципалдык ишканасы келтирилген ыңгайсыздык үчүн кечирим сурайт жана ишканаларды жана тургундарды ичүүчү сууну алдын ала камдап алууну суранат.

Иллюстрациялык сүрөт: Интернет булактарынан

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты