Бишкектин Бакаев көчөсүндө жол кырсыгы катталып, өтмөк зыянга учурады
- 3 недели мурун
Бүгүн, 20-майда, болжол менен саат 6:00дө, Бакаев көчөсүнүн темир жол үстүнөн өткөн бөлүгүндө жеңил унаа катышкан жол-транспорт кырсыгы катталды.
Бул тууралуу Бишкек мэриясы билдирди.
Баштапкы маалыматтарга караганда, С. К. аттуу айдоочу Бакаев көчөсү менен Лев Толстой көчөсүнөн Бөкөнбаев көчөсүнө бара жатып, автоунааны башкара албай, жолдон чыгып кетип өтмөктү сүзгөн.
Кырсыктын кесепетинен мамлекеттик мүлккө жана жол инфраструктурасына материалдык зыян келтирилди.
Унаа айып короосуна киргизилди. Жол кырсыгы Бишкек шаардык ички иштер башкы башкармалыгынын кайгуул күзөт кызматында каттоого алынды.
Бузулган бөлүгүн калыбына келтирүү иштери белгиленген мыйзамдын жол-жоболоруна ылайык каралып, күнөөлүү тараптан келтирилген зыяндын орду өндүрүлөт. Сүрөт: bishkek.gov.kg




