Бишкектин “Анар бак” жаңы конушундагы тургундар жашап жаткан үйлөр бузулбай турганы маалымдалды
- 2 месяца мурун
Бишкек шаарындагы “Анар бак” жаңы конушунда мыйзамсыз курулуштарды бузуу боюнча чечим кабыл алынган. Ушуга байланыштуу интернет булактарында кыш чилдеде, адамдар жашап жаткан үйлөр да бузулат экен деген нааразычылык билдирген видеолор жана маалыматтар тарап жатат. Президент Жапаров кыш мезгили аяктагыча адамдар жашап жаткан үйлөрдү бузбоо боюнча тапшырма берди.
Бул тууралуу президенттик администрациянын маалыматтык саясат бөлүмүнүн башчысы Дайырбек Орунбеков Фейсбук баракчасында билдирди.
Ошондой эле, Бишкек шаарынын мэри Айбек Жунушалиев адамдар жашап жаткан үйлөр бузулбай турганын билдиргени айтылды.
Мыйзамсыз, толук бүтө элек, киши жашабаган курулуштар, имараттар алынат.
“Демек, адамдарды көчөгө чыгарып, жашап жаткан үйлөрүн бузат экен деген маалыматтар чындыкка дал келбейт” деди Орунбеков.
Бишкек шаарынын Октябрь районундагы «Анар бак» конушундагы төрт үйдүн ээси №406 муниципалдык башкармалыктан эскертүү алышкан. Анда үйлөр мыйзамсыз экени, жер тилкелери алынары айтылган. Ошол себептен тургундар нааразылыктарын билдирип чыгышкан.
Сүрөт: ФБ баракчадан




