Бишкектин Ак ордо конушундагы үйдөн чыккан өрттүн кесепетинен бир киши каза тапты
- 1 месяц мурун
- Видео
Бишкек шаарынын Ленин районуна караштуу Ак-Ордо конушунда турак үйдөн чыккан өрт өчүрүлдү. Кырсыктын кесепетинен 58 жаштагы бир киши каза болду.
Бул тууралуу өзгөчө кырдаалдар министрлиги (ӨКМ) билдирди.
Тилсиз жоонун айынан турак үйдүн болжол менен жалпы аянты 100 чарчы метрди түзгөн чатыры жана ичи күйүп кетти.
Белгилей кетсек, өрттү өчүрүүгө саат 14:45тен тартып Ленин районунан эки күжүрмөн эсеп өз иштерин жүргүздү.
Сүрөт: ӨКМ
Муну бөлүшүү
Биздин иликтөөлөрдү колдоп, коррупция менен күрөшүүгө салым кошуңуз!