Бишкектин Айтматов проспектисинин бир бөлүгү унаа кыймылы үчүн ачылды
- 4 недели мурун
Бүгүн, 12-январда, Бишкек шаарынын Чыңгыз Айтматов проспектисинин Семетей көчөсүнөн Апсамат Масалиев көчөсүнө чейинки бөлүгү унаа кыймылы үчүн ачылды.
Бул тууралуу Бишкек мэриясы билдирди.
Аталган тилкеде жер алдынан өтүүчү 4 өтмөк курулган. Ар бир өтмөктүн узундугу 33,5 метрди, туурасы 4 метрди түзөт. Өтмөктүн ичин жасалгалоо иштери улантылууда.
Мында курулуш иштери шаар тургундарына ыңгайсыздык жаратпоо жана транспорттук тыгынды азайтуу максатында майрамдык эс алуу күндөрүндө жүргүзүлдү.
Сүрөт: bishkek.gov.kg
Муну бөлүшүү




