Бишкекке 6000 көчөт отургузулат. Мэрия бак-дарак отургузууга чакырат
- 1 час мурун
Бишкек шаарынын мэриясы каалоочуларды 14-ноябрда, ишемби күнү өтө турган жалпы шаардык көчөт отургузуу иш-чарасына катышууга чакырат.
Бийиктиги 3 метрден 6 метрге чейинки 6 миң түп бийик өсүүчү бак-дарактын көчөтүн отургузуу пландалууда. Көчөттөр Манас көчөсүнүн жээгине отургузулат.
Иш-чарага Бишкек шаарынын мэри Айбек Жунушалиев жана Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттары катышат.
Иш-чаранын убактысы: саат 09:00дөн 11:00гө чейин.
Чогулуу жери: Бишкек шаарынын мэриясынын имаратынын алды, саат 09:00.
Экологиялык акциянын катышуучулары үчүн ысык чай уюштурулат.
Көчөттөрдү «Бишкек жашыл курулуш» муниципалдык ишканасы камсыздайт. Учурда ишкананын адистери даярдык иштерин жүргүзүп, анын ичинде көчөт отургузуу үчүн атайын чуңкурларды даярдап жатышат.
Бишкек шаарынын мэриясы бардык каалоочуларды бул экологиялык демилгеге кошулуп, борбор калааны жашылдандырууга өз салымын кошууга чакырат!
Катыша турганыңызды алдын ала билдирип коюуңуздарды суранабыз: 0555 213 155 – Шухрат Төлөнбаев, Бишкек шаарынын мэриясынын шаар чарба департаментинин директорунун орун басары.
Иллюстрациялык сүрөт: Бишкек мэриясы




