Бишкектин айрым жерлеринде суу убактылуу өчүрүлөт
- 2 месяца мурун
25-августта саат 9:00дөн 21:00гө чейин Бишкекте Политехник жана Водопровод көчөсүндө жайганшкан турак жай, мектеп, мектепке чейинки билим берүү мекемелер, саламаттык сактоо мекемелерине жана башка социалдык, тиричилик жана өнөр жай объектилерине ичүүчү суу өчүрүлөт.
Бул тууралуу Бишкек мэриясы билдирди.
Анда суу түтүктөрүнүн клапандарын алмаштырууга байланыштуу суу берүү убактылуу токтотулат.
“Бишкек суу канал” муниципалдык ишканасы келтирилген ыңгайсыздыктар үчүн кечирим сурайт жана жашоочуларды, уюмдарды ичүүчү сууну алдын ала камдап коюуну суранат.
Иллюстрациялык сүрөт: Интернет булактарынан
Муну бөлүшүү




