Бишкектин айрым бөлүгүндө суу убактылуу өчүрүлөт

  • 2 месяца мурун

20-августта саат 09:00дөн  00:00гө чейин турак жай, мектеп, мектепке чейинки билим берүү мекемелери, саламаттык сактоо мекемелерине, ошондой эле башка социалдык жана өндүрүштүк объектилерге ичүүчү суу берүү убактылуу токтотулат.

Бул тууралуу Бишкек шаарынын мэриясы билдирди.  
Өчүрүү району: Чүй проспектиси, Фрунзе көчөсү, Тыныстанов көчөсү, Манас проспектиси (азыркы — Ч.Айтматов проспектиси) Ж. Жолу проспектисинен Ала-Арча суусуна чейин, Турусбеков көчөсү, Баялинов көчөсү, Абдрахманов көчөсү.

Аталган жерлерде жылуулук тармактарынын суу түтүгүн көчүрүү иштеринин жүргүзүлүшүнө байланыштуу cуу берүү убактылуу токтотулат.

“Бишкек суу канал” муниципалдык ишканасы келтирилген ыңгайсыздыктар үчүн кечирим сурайт жана жашоочуларды, уюмдарды ичүүчү сууну алдын ала камдап коюуну суранат.

Бишкектин айрым бөлүгүндө суу убактылуу өчүрүлөт

Иллюстрациялык сүрөт: Интернет булактарынан

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты