Бишкектин 3 жана 7-кичи райондорунда ичүүчү суу убактылуу өчүрүлөт
- 1 месяц мурун
- Жаңылыктар
Бишкектин 3 жана 7-кичирайондорунда эртең, 4-августта, саат 09:30дан тартып, 5-август саат 02:00гө чейин турак үйлөргө, мектептерге, мектепке чейинки билим берүү мекемелерине, саламаттыкты сактоо объектилерине, ошондой эле социалдык-тиричилик жана өндүрүш багытындагы башка объектилерге ичүүчү суунун берилиши убактылуу токтотулат.
Суу өчүрүлө турган аймактар: 3- жана 7-кичи райондору.
Ичүүчү суунун убактылуу өчүрүлүшү суу түтүгүн көчүрүү иштерине байланыштуу жүргүзүлөт.
«Бишкек суу канал» муниципалдык ишканасы жаралган ыңгайсыздыктар үчүн кечирим сурайт жана шаар тургундарын, ошондой эле мекеме-уюмдарды алдын ала ичүүчү сууну камдап алууга чакырат.
Иллюстрациялык сүрөт: Интернет булактарынан
Муну бөлүшүү




