Бишкектин 10-кичи районунун бир бөлүгүндө суу убактылуу өчүрүлөт
- 1 месяц мурун
- Жаңылыктар
Бишкекте 10-кичи райондун бир бөлүгүндө 12-августта саат 09:00дөн саат 17:00гө чейин турак жай, мектеп, мектепке чейинки билим берүү, саламаттык сактоо мекемелеринде, ошондой эле башка социалдык жана өндүрүштүк объектилерде ичүүчү суу берүү убактылуу токтотулат.
Бул тууралуу Бишкек мэриясы билдирди.
Суу менен жабдуунун убактылуу токтотулушу 10-кичи райондогу откананын суу түтүгүндө оңдоо иштеринин жүргүзүлүшүнө байланыштуу.
“Бишкек суу канал” муниципалдык ишканасы жашоочуларды жана уюмдарды ичүүчү сууну алдын ала камдап коюуну суранат.
Иллюстрациялык сүрөт: Интернет булактарынан
Муну бөлүшүү




