Бишкектен Лахорго 950 пакистандык студент жеткирилди

  • 2 месяца мурун

Кыргызстанда окуган пакистандык студенттердин дагы 150сүн 21-майда бул өлкөнүн өкмөтү уюштурган атайын каттам мекенине жеткиргенин “Машаал” радиосу кабарлады. Учак Лахор шаарынын Аллама Икбал атындагы эл аралык аэропортуна шейшембинин кечинде конду.

«Машаалдын» кабарчысы жеринен билдиргендей, ушуну менен 18-майдагы окуядан бери Лахорго жети авиа каттам уюштурулуп, жалпысынан 950 пакистандык студент жеткирилди.

Буга чейин Бишкектеги Кыргызстан эл аралык университетинде билим алган чет элдик студенттердин ичинен жалпысынан 1200дөй пакистандык мекенине кеткени маалымдалган.

Мындан тышкары Исламабад жана Пешавар шаарларынын эл аралык аэропортторуна да Кыргызстанда окуган студенттер үчүн бир нече каттам уюштурулган.

Пакистандын өкмөт башчысынын орун басары, тышкы иштер министри Мохаммад Исхак Дар 21-майдын кечинде Бишкекке келди. Ал 18-майдагы тополоңдо жабыркап, ооруканада жаткан пакистандык жарандардан кабар алды. Мындан тышкары Кыргызстандын Министрлер кабинетинин өкүлдөрү менен сүйлөшүүлөрдү өткөрдү.

Бишкектин милициясы чет элдиктерди ур-токмокко алган деген шек менен дагы бир жаранды кармаганы маалымдалды. Буга чейин төрт чет элдик, үч жергиликтүү тургун кармалган. 18-майга караган түнкү тополоңдо чет өлкөлүк 41 адам дарыгерлерге кайрылган.

Жогорку Кеңештин тармактык комитетинде жабыр тарткан чет элдик студенттерге кенемте төлөп берүү маселеси көтөрүлдү.

Президент Садыр Жапаров 20-майда жасаган кайрылуусунда чет элдик студенттерди сабагандар жазага тартыларын айтты.

Мурдараак Министрлер кабинетинин төрагасынын орун басары Эдил Байсалов Бишкектеги башаламандыкта катуу жабыркаган ВИП хостелге барып, чет элдик студенттерден кечирим сураган.

Башкалаада чет элдик студенттер жашаган жатаканада 13-майда болгон мушташтын видеосу 17-майда интернетке тарап кеткен. Социалдык түйүндөрдүн айрым колдонуучулары анда сабалгандар кыргызстандыктар экенин жазып чыгышкан. Мындан улам 18-майга караган түнү Бишкектин Чыгыш-5 кичи районуна миңге жакын жаштар топтолгон. Алардын бир тобу чет элдик жарандар жашаган жатаканага кирип барып, бир нече адамды сабап салышканы белгилүү болгон.

Бишкек милициясы Кылмыш-жаза кодексинин 278-беренеси (Массалык башаламандык) жана 330-беренеси (Расалык, этностук, улуттук, диний же региондор аралык кастыкты козутуу) менен иш козгоп, иликтөө иштерин жүргүзүүдө.

Булак: Азаттык

Сүрөт: RFE/RL

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты