Бишкектеги жаңы автобекеттин курулушу августтун аягына чейин аяктайт

  • 1 месяц мурун

Садыр Жапаров бүгүн, 10-майда, Бишкек шаарында курулуп жаткан жаңы автовокзалдын курулушунун жүрүшү менен таанышты.

Мамлекет башчыга 9 блоктон турган комплекстин долбоору көрсөтүлдү. Ага төмөнкүлөр кирет: айдоочулар жана кызматкерлер үчүн мейманкана, күтүү залы, перрон, административдик имарат,коммерциялык жайлар, шаар аралык жана эл аралык автобустар үчүн унаа токтотуучу жайлар, жеңил унаа жана башка унаа үчүн өзүнчө токтотуучу жайлар.

Президент  объектти кыдырып чыгып, курулуштун жана колдонулуучу материалдардын сапатына өзгөчө көңүл бурууну тапшырды.

Курулуш иштерин үстүбүздөгү жылдын август айына чейин аяктоо күтүлүүдө.

Бишкектеги жаңы автобекеттин курулушу августтун аягына чейин аяктайт

Сүрөттөр: president.kg

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты