Бишкектеги тигүү цехинен чыккан өрт өчүрүлдү

  • 2 года мурун

Бишкектеги тигүү цехинен чыккан өрт өчүрүлдү. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин басма сөз кызматынан билдиришти.

Бишкек шаарынын Свердлов районунун Курманжан Датка көчөсүндө (Жибек-Жолу проспектисине жакын аймакта) жайгашкан тигүү цехинен чыккан өрт саат 11:23тө толук өчүрүлдү. Өрттөн жабыркагандар жок.

Өрттүн жалпы аянты болжол 500 чарчы метрди түздү.

Белгилей кетсек, өрттү өчүрүүгө бүгүн 4: 38 баштап жалпы 5 бөлүм жана штаб тартылган. Тигүү цехинен чыккан өрт саат 7:10до чектөөгө алынган.

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты