Бишкектеги соода борборлорунда Акыйкатчы институт кызматкерлери жарандар үчүн акысыз кеңештерди берип жатышат

  • 5 месяцев мурун

Бишкектеги соода борборлорунда Акыйкатчы (Омбудсмен) институтунун кызматкерлери кыргызстандык жарандар үчүн укуктук кеңештерди берип жатышат.

Соода борборлоруна келгендерге акысыз укуктук консультация “Зомбулукка каршы 16 күн” деп аталган эл аралык акциянын алкагында өтүүдө.

Институттун кызматкерлери 6-декабрда “Бишкекпарк” соода борборуна келгендерге акысыз кеңеш беришти.

Бүгүн, 7-декабрда, «АЮ гранд» борборуна келгендерге ушундай эле акысыз консультациялар берилүүдө.

Эртең, 8-декабрда, институттун кызматкерлери «ГУМ» соода борборунда кеп-кеңештерди беришмекчи.

Акысыз консультация берүү боюнча үч күндүк марафондун алкагында соода борборлору институттун кызматкерлерин маалыматтык стенд жана орундар менен камсыз кылышты.

Келгендер кызматкерлерге төмөнкү маселелер менен кайрылышууда:

*КРнын Акыйкатчы институту деген эмне жана институт  өзүнүн мандатынын алкагында кандай иштерди алып барат? 

*Жерди пайдалануу боюнча кандай жол менен кимге жана кайсы мамлекеттик органдарга кайрылышса болот? 

*Эгерде баланын апасы экинчи ирет турмушка чыккан болсо, жашы жете элек баланы чоң ата жана чоң энесинин камкордугуна тез арада алууну кантип документтештирүү керек?  

*Документтерди СССР убагында гана алып өзүнүн жеке инсандыгын тастыктоочу документти жок адам кантип документ алса болот? Ал адам өмүр бою жайлоодо мал карап келген.  

*Эгерде жер салыгын төлөбөсө жер участогун кайра кайтарып алуулары мүмкүнбү? 

*115 шыр байланышына чалуу акысызбы? 115 шыр байланышы деген эмне? 

*Жарандык никеде туруп ажырашкандан кийин кантип алимент алса болот? 

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты