Бишкектеги шайлоо тилкелерининин биринде бюллетендерди сүрөткө тартып алышкан

  • 2 года мурун

Бишкектеги №1141 шайлоо тилкесинде шайлоочулар добуш берген соң бюлеттендерин уюлдук телефондоруна сүрөткө тартып алышкан. Бул тууралуу Жогорку Кеңештин депутаттыгына талапкер Дастан Бекешев өзүнүн «Фейсбук» баракчасында жазып чыкты.

Бекешевдин билдирүүсүндө тиркелген видеодо шайлоочунун өз аракетинин мыйзамдуу экендигин далилдөөгө аракет кылып жатканын көрүүгө болот.

«КР президентин жана Жогорку Кеңешинин депутаттарын шайлоо жөнүндө» мыйзамдын 30-беренесинин 12-пунктунда «Басмакананын, шайлоо комиссияларынын орун жайларынан, ушул конституциялык мыйзамдын талаптарын бузуу менен, шайлоо бюллетендерин алып чыгууга, ошондой эле көчүрмөсүн алууга жана таратууга тыюу салынат» деп жазылган. Мындан улам мыйзам бузган шайлоочу 500-1000 сом, ал эми кызматтагы адамдар 2000-3000 сомго чейин администартивдик жазага тартылат.

“ПолитКлиника” медиасы шайлоонун жүрүшүнө мониторинг жүргүзүп жатат. Эгерде сиз мыйзам бузууну байкасаңыз, биздин WhatsApp: +996 227761201 жана Telegram +996 704761201 номерлерине жөнөтсөңүз болот. 

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты