Бишкектеги окуу жайда кафедра башчысы жана окутуучу акча опузалоого шектелүүдө  

24-июнда кылмыш-жаза кодексинин 343-беренесинин 1-бөлүгү (опузалап пара талап кылуу) боюнча мамлекеттик бүтүрүү  экзамендерине кирүү жана дипломдук ишти коргоо үчүн акча каражаттарынын бир бөлүгүн алууда Бишкектеги курулуш, архитектура жана менеджмент колледжинин кафедра башчысы К.Д.С. жана окуу жайдын окутуучусу И.Н.С. кармалды.

Бул тууралуу Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитети (УКМК) билдирди.

Тергөө тарабынан  И.Н.С. накталай жана М-банк мобилдик тиркемеси аркылуу 20 миң сомдон ашык өлчөмдөгү акча каражаттарын  алгандыгы катталган.

Кармалган К.Д.С. тергөө алкагында УКМКнын убактылуу кармоочу жайына киргизилди, ал эми И.Н.С.га карата эч жака чыкпоо тил каты боюнча баш коргоо чарасы тандалып алынды.

Бишкектеги окуу жайда кафедра башчысы жана окутуучу акча опузалоого шектелүүдө  
Муну бөлүшүү
Биздин иликтөөлөрдү колдоп, коррупция менен күрөшүүгө салым кошуңуз!

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты