Бишкектеги музыкалык мектеп-интернатынан өрт чыкты
- 1 год мурун
Бишкек шаарынын Биринчи май районундагы Бөкөнбаев көчөсүндө жайгашкан Мукаш Абдраев атындагы музыкалык мектеп-интернатынын чатырынан бүгүн, 10-июлда, өрт чыккандыгы тууралуу маалымат түшкөн.
Бул тууралуу өзгөчө кырдаалдар министрлигинин (ӨКМ) басма сөз борбору билдирди.
Өрттү өчүрүүгө саат 11:14тө Октябрь райондук №5 өрт-куткаруу бөлүгүнөн 2 нуаа , автошаты, Биринчи май райондук №4 өрт-куткаруу бөлүгүнөн унаа, Биринчи Май райондук №8 аскерлештирилген өрткө каршы куткаруу бөлүгүнөн бир унаа жана штаб тартылып, жалпы 4 унаа иш алып барууда.
Мындан тышкары кошумча саат 11:35те ӨКМдин кризистик кырдаалдарда башкаруу борборунан унаа, эки офицер дрону менен тартылды.
Сүрөт: ӨКМ
Муну бөлүшүү




