Бишкектеги көп кабат үйдөгү өрт: 400 чарчы метр жер күйдү  

  • 10 месяцев мурун

Бишкек шаарынын Свердлов районунда жайгашкан бийик кабаттуу үйдөн чыккан өрт 8-сентябрда саат 23:21де өчүрүлдү.

Бул тууралуу өзгөчө кырдаалдар министрлигинин (ӨКМ) басма сөз кызматы билдирди.

Тилсиз жоого жалпы 3 өрт өчүрүүчү унаа, автошаты жана штаб тартылган.

ӨКМдин Бишкек шаары боюнча башкармалыгынын ыкчам нөөмөтчүсүнүн берген маалыматына ылайык, өрттүн аянты болжол менен 400 чарчы метрди түзгөн. Жабыркагандар жок.

Мурда маалымдалгандай, Бишкек шаарынын Свердлов районунда, Жибек жолу проспекти менен Осмонкул көчөсүнүн кесилишинде жайгашкан турак үйдөн чыккан. Өрт 22:56да чектөөгө алынган.

Сүрөт: ӨКМ

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты