Бишкектеги №21 тергөө абак жайы Ысык-Ата районуна көчүрүлөт

  • 3 месяца мурун

№1 СИЗО жылдын аягына чейин Чүй облусунун Ысык-Ата районуна көчүрүлөт.  

Бул тууралуу парламенттин 29-январдагы жыйынында Жаза аткаруу кызматынын башчысынын орун басары Кемел Садыков билдирди.

Анын айтымында, Жаза аткаруу кызматынын тергөө абагында учурда жалпысынан 1800дөй адам отурат.

Кемел Садыковдун айтымында Жалал-Абад облусунда жаңы тергөө изолятору курулган жана ишке берилгенин, ошондой эле Караколдогу жана Оштогу тергөө абактарын көчүрүү пландалып, алар үчүн жер тилкелери каралып жатат.  

Бишкектеги №21 тергөө абагы (эл арасында СИЗО №1 деп айтылып келет-ред.) шаар сыртына көчүрүлөрү тууралуу Жаза аткаруу мамлекеттик (ЖАК) кызматынын жетекчисинин орун басары Кемел Садыков Фейсбук баракчасындагы түз эфирде мындан эки жыл мурда билдирген.

«Коомдук тартипти сактоо үчүн шаардын ортосундагы мекемелерди сыртка көчүрүү планы бар. №21, №23, №25 абак мекемелерин сыртка көчүрүүгө иш-аракеттер жүрүп жатат. Иш качан башталары белгисиз» деген анда Садыков.

Бишкектин Пудовкин-Горкий көчөсүндө жайгашкан №1 тергөө абагында сот чечими чыга элек кылмышка шектүүлөр отурат. Учурда анда канча киши кармалып турганы белгисиз. Укук коргоочулар абакта кармалгандардын шарты начар экенин айтып келишет.

ЖАКтын борбордук стационардык медициналык мекемеси болгон №47 колония быйыл толугу менен бузулуп, анда кармалган соттолуучулар жасаган кылмыш категорияларына жана аларды кармоо режимдерине ылайык атайын башка мекемелерге которулган. Анын ордуна ипотекага көп кабаттуу турак жай комплекси курулуп жатат.

2022-жылкы расмий маалыматка ылайык, Кыргызстанда 11 түзөтүү мекемеси, алты тергөө изолятору, бир түрмө, 13 түзөтүү абагы, 50 аймактык жаза аткаруу инспекциясы бар. 2020-жылга карата жаза мөөнөтүн 9 миңден ашуун адам өтөп жатат. Алардын 500дөн ашууну аялдар.

Сүрөт: «ПолитКлиника»

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты