Бишкектеги №1 тергөө абагында отурган жаран каза болду

  • 2 года мурун

Бишкектеги №1 тергөө абагында 35 жаштагы айыпка шектүү жаран каза болду.

Маалыматты юстиция министирлигине караштуу жаза аткаруу кызматы тастыктады.

28-августта  таңкы саат 05.40 чамасында №21 мекеменин (СИЗО-1) режимдик корпусунун камерасында эртең мененки тамакты таратып жаткан учурда К.И.М эс-учун жоготкон абалда табылган. Бул тууралуу  айыпка шектүүнүн  камералаштары абак кызматкерлерине билдиришкен.

Нөөмөттөгү чакырылган фельдшер К.И.М.ге биринчи жардам көрсөткөн, бирок бул оң натыйжа берген эмес. Чакырылган  “Тез жардам” кызматы айыпталуучунун  көз жумганын аныктаган.

“К.И.М Чүй облусунда 1987-жылы төрөлгөн жана мурда соттолгон. Ал 26-августта Чүй районундагы №26 жатак абагынан мурда сот тарабынан аныкталган 9 айдан ашык мөөнөттү өтөбөй качып кеткен фактысы боюнча СИЗО-1ге киргизилген. Окуя боюнча  тергөөгө чейинки текшерүү иштери  жүруп жатат жана  соттук-медициналык экспертиза дайындалды. Так диагнозун билүү үчүн 30 күндөн кем эмес убакыт  талап кылынат ”деп айтылат маалыматта.

Сүрөттө: №1 тергөө абагы. «ПолитКлиника»

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты