Бишкекте жылытуу мезгилинин аяктоо мөөнөтү аныкталды

  • 3 месяца мурун

Бүгүн, 23-мартта, Бишкек шаарынын мэринин орун басары Нургазы Курманбековдун төрагалыгы алдында  жылытуу мезгилин аяктоо маселеси боюнча  штаб жыйыны болуп өттү. Анда 25-мартта жылытуу мезгилин аяктоо чечими кабыл алынды

Жыйынга муниципалдык ишканалардын өкүлдөрү, Кыргызгидромет, Бишкек шаарынын мэриясынын билим берүү департаменти, «НЭСК» ААКнын Бишкек ПЭС филиалы, ошондой эле Бишкек шаарынын МСЭКБ өкүлдөрү катышты.

Жыйындын жыйынтыгында 2026-жылдын 25-мартында жылытуу мезгилин аяктоо чечими кабыл алынды.

Мындан тышкары, 2026-жылдын 1-апрелинен 10-майына чейин профилактикалык жана оңдоо иштерин жүргүзүү үчүн ысык суу берүү убактылуу токтотулат.

Иллюстрациялык сүрөт: Интернет булактарынан

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты