Бишкекте жылуулук жана ысык суу толук берилди  

  • 3 месяца мурун

Бишкекте жылуулук жана ысык суу толуп берилди. Бул тууралуу «Бишкекжылуулуктармагы» — «Электр станциялар» ААК филиалынын башчысы Уран Райымбеков билдиргенин Медиа штаб маалымдады.  

-Бардык абоненттер жылытуу жана ысык суу системасына кошулган. Бардык турак үйлөргө жылуулук берилди. Ошондой эле, 63 саламаттык сактоо мекемелери, анын ичинде бардык төрөт үйлөр, 84 бала бакча жана 54 мектеп жылытуу системасына кошулду. Бардык социалдык объекттер жана 59 ири объект жылуулук жана ысык суу менен камсыздалды. Азыркы учурда система Бишкек шаарынын ЖЭБи тарабынан берилген факты боюнча параметрлерге ылайык иштеп жатат, -деди Уран Раимбеков.  

2-февралда таңкы саат үчтөр чамасында ЖЭБде авария болуп, беш киши жабыркады. Абалы оор эки жумушчу дарылануу үчүн Түркияга жөнөтүлдү.

Башкы прокуратура Бишкек жылуулук электр борборундагы жарылуу боюнча кылмыш ишин козгоду.

Сүрөт: Интернет булактарынан.

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты