Бишкекте Жибек Жолу проспектисинин түштүк бөлүгү убактылуу жабылат
- 5 месяцев мурун
Бишкек шаарында 24-мартта автотранспорттун кыймылы үчүн Жибек Жолу проспектисинин түштүк бөлүгү — Кулиев көчөсүнөн Жаш Гвардия бульварына чейинки тилке жабылат.
Бул тууралуу Бишкек мэриясы билдирди.
Бул аймакта канализациялык коллекторду куруу-монтаждоо иштери жүргүзүлөт. Иштер «Жибек Жолу проспектиси боюнча Турусбеков көчөсүнөн Кулиев көчөсүнө чейинки канализациялык коллекторду капиталдык оңдоо» долбоорунун алкагында аткарылат.
«Бишкек суу канал» ишканасы шаар тургундарын жана борбор калаанын конокторун убактылуу ыңгайсыздыктарга түшүнүү менен мамиле кылууга жана жол каттамдарын алдын ала пландаштырууга чакырат.
Иллюстрациялы сүрөт: Интернет булактарынан
Муну бөлүшүү




