Бишкекте Жибек-Жолу проспектисинин бир бөлүгү капиталдык оңдоодон кийин ачылды
- 2 недели мурун
Бишкек шаарында Жибек-Жолу проспектисинин Курманжан Датка көчөсүнөн Лермонтов көчөсүнө чейинки бөлүгү реабилитациядан кийин кайрадан унаа кыймылы үчүн ачылды.
Бул тууралуу Бишкек мэриясы билдирди.
Маалыматта айтылгандай, жолду оңдоо иштеринин алкагында эски асфальт катмары алынып, ордуна эки катмардан турган жаңы асфальт төшөлдү. Мындан сырткары, жолдун эки тарабында жаңы бордюр орнотулуп, ирригациялык система иретке келтирилди. Бардык жол белгилери тартылып, зарыл болгон белгилер орнотулду.
Жолдун эки капталында эни 4 метрлик тротуар куруу иштери уланууда. Жол курууга тоскоол болгон бардык объекттер толугу менен алынып салынган.
Ошондой эле бул участок акыркы жолу 2002-жылы Дүйнөлүк банктын каражатына «Шаардык транспорт» долбоорунун алкагында оңдолгону белгиленди. Андан бери 23 жыл ичинде каржылык мүмкүнчүлүктөрдүн чектелгендигинен улам ири оңдоо иштери жүргүзүлгөн эмес. Жол, пайдалануу мөөнөтүн 3 эсе өтөп бүткөн.
Быйыл Министрлер кабинетинин токтомуна ылайык, «Мостдорстрой» ЖЧКсы менен узундугу 1,8 чакырым болгон жол тилкесин реабилитациялоо боюнча 173,9 миллион сомдук келишим түзүлгөн.
Оңдоо иштери 2025-жылдын 5-апрелинде башталып, 5-июлда жыйынтыкталды. Жол курулушуна 35 жол жумушчу, 18 атайын техника (асфальт төшөгүчтөр, катоктор, экскаваторлор ж.б.), 15 автосамосвал тартылды.
2024-жылы бул проспекттин Тоголок Молдо көчөсүнөн Осмонкул көчөсүнө чейинки бөлүгү да реабилитацияланган.
Сүрөт: Бишкек мэриясы