Бишкекте жер алдындагы өтмөктүн курулуш иштерине байланыштуу бир катар көчөлөр жабылат
- 2 месяца мурун
Бишкек шаарында Чүй проспектиси менен Шопоков көчөсүнүн кесилишинде жер алдындагы өтмөктүн курулушуна даярдык иштеринин башталышына байланыштуу 31-марттан баштап Чүй проспекти менен Шопоков көчөлөрүнүн кесилиши транспорт үчүн жарым-жартылай жабылат.
Бул тууралуу Бишкек мэриясы билдирди.
Улуу Ата Мекендик согуштагы Жеңиштин 80 жылдыгына арналган ири иш-чаралар өткөрүлгөндөн кийин, Чүй проспектисинин Ибраимов көчөсүнөн Абдрахманов көчөсүнө чейинки бөлүгү оңдоо иштери үчүн толугу менен жабылат.
«Бишкектин борборунда — Чүй проспектиси менен Шопоков көчөсүнүн кесилишинде — эскалаторлор, заманбап лифттер, сервистик объектилер, ошондой эле 220дан ашык унаага ылайыкталган жер алдындагы унаа токтотуучу жайды камтыган ири инфраструктуралык долбоор башталат. Долбоор «Ташболот Холдинг» жана «Олд Бишкек» ЖЧКларынын жеке инвестицияларынын эсебинен ишке ашырылууда. Курулуштун жалпы бюджети 2 миллиард сомду түзөт» деп айтылат маалыматта.
Чүй проспектисинин бир бөлүгү транспорт кыймылы үчүн 6-8 айга жабылары белгиленди.
Сүрөт: Бишкек мэриясынын басма сөз кызматы