Бишкекте жеңил унаа автобусту сүзүп, сегиз киши жабыркады (Видео)
- 1 год мурун
- Видео
Бүгүн, 26-ноябрда, Барпы Алыкулов жана Жайыл Батыр көчөлөрүнүн кесилишинде, ЖЭБ-2 тарапта чыгыштан батышты көздөй катуу ылдамдыкта келе жаткан “Мерседес Бенц” жеңил унаасы №23 муниципалдык автобус менен сүзүшкөн.
Бул тууралуу Бишкек мэриясы билдирди.
Жол кырсыгынан 8 адам жабыркап, алардын бешөө автобустун жүргүнчүлөрү, үчөө жеңил унаанын жүргүнчүсү болгон. Жабыркагандар ооруканага жеткирилди.
Окуя болгон жерде Бишкек шаардык ички иштер башкармалыгынын ЖККБ кызматкерлери иштеп жатат.
Социалдык тармактарда, анын ичинде «Короче» телеграм-каналында бул жол кырсыгынын видео тасмасы жарыяланды.
Жол-кайгуул кызматкерлеринин айтымында, жеңил унаанын айдоочусу жол эрежесин бузган жана мас абалында болгон.
Иллюстрациялык сүрөт: Интернет булактарынан
Муну бөлүшүү
Биздин иликтөөлөрдү колдоп, коррупция менен күрөшүүгө салым кошуңуз!




