Бишкекте оор жүк ташуучу унаа кыймылына убактылуу чектөө киргизилет

  • 3 недели мурун

Бишкекте оор жүк ташуучу унаалардын кыймылына убактылуу чектөө киргизилет. Бул тууралуу шаарлык мэрия билдирди.

Маалыматта чектөө жол коопсуздугун жогорулатуу, муниципалдык автомобиль жолдорунун сакталышын камсыздоо жана эксплуатациялоо мөөнөтүн узартуу максатында киргизилгени айтылат.

Бишкек шаарынын мэриясынын тескемесине ылайык, 2026-жылдын 20-майынан 1-октябрына чейин саат 9:00дөн 19:00гө чейин күндүз абанын температурасы 28 градус жана андан жогору болгон учурда Бишкек шаарынын муниципалдык автомобиль жолдорунда жалпы салмагы 18 тоннадан ашкан жүк ташуучу  автотранспорт кыймылына убактылуу чектөө киргизилет.

Чектөө Бишкектеги муниципалдык жолдорго тиешелүү.

Чектөө төмөндөгүлөргө жайылтылбай тургандыгы белгиленет:

— гуманитардык жардам жана тамак-аш азыктары, күйүүчү-майлоочу материалдары бар жүктөргө;
— транспорт жана жол чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган тарабынан берилүүчү атайын уруксаттын негизинде Бишкек шаарынын аймагы аркылуу өткөн учурда ири габариттүү жана атайын жүктөргө;  
— автомобиль жолдорун оңдоо, куруу жана күтүү, мамлекеттик жана  коомдук муктаждыктарды чечүү үчүн арналган объекттерди куруу боюнча жумуштарды аткаруу үчүн жүктөргө жайылтылбайт.

Иллюстрациялык сүрөт: Интернет булактарынан

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты