Бишкекте өз алдынча орнотулган жарнамалык конструкциялар алынып салынууда  

  • 1 месяц мурун

Бишкек шаарынын мэриясынын жер пайдаланууну контролдоо башкармалыгы жарнамалык объектилерди жайгаштырууга болгон көзөмөлдү күчөтүү жана борбор шаарды дизайн-кодго туура келбеген конструкциялардан тазалоо иштерин улантууда.

Бул тууралуу Бишкек шаарынын мэриясы билдирди.

Кечээ Ленин жана Биринчи Май райондорунун аймагында өткөн рейдде Манас – Жибек Жолу проспектилеринин кесилишинде, ошондой эле Жаш гвардия бульвары менен Чүй проспектисин уруксатсыз орнотулган жарнамалар менен билборддор алынып салынды.
Биринчи май районунун аймагында 7 протокол түзүлүп, жарнамалык 120 конструкция демонтаждалды.

Рейд акимиаттар, муниципалдык инспекция жана Бишкек шаарынын архитектура жана шаар куруу башкы башкармалыгы менен бирге жүргүзүлдү.

2025-жылдын январь–сентябрь айларынын жыйынтыгы боюнча жер пайдаланууну контролдоо башкармалыгы тарабынан мыйзамсыз орнотулган 3 278 жарнамалык конструкция демонтаждалган. «Укук бузуулар жөнүндө» кодексинин 107 жана 179-беренелери боюнча жалпы суммасы 1 235 000 сом болгон 288 протокол түзүлгөн.

Сүрөт: bishkek.gov.kg

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты