Бишкекте виза бүтүрүү үчүн 2 500 евро алганга шектелген жаран кармалды

  • 2 месяца мурун

Бишкекте алдамчылыкка шектелген жаран кармалды. Бул тууралуу Ленин РИИБинин басма сөз кызматынан билдиришти.

Маалыматка ылайык, мындан бир ай мурун К.З. аттуу жаран Ленин РИИБине арыз менен кайрылган. Анда И.Ч. аттуу жаран «чет өлкөгө чыгуу үчүн визаны бүтүрүп берем» деп анын 2 миң 500 евросун алып, ага визанын ордуна жашоого уруксат берилген документти берген. Ал документ жасалма экени аныкталган.

Бул фактынын негизинде Кылмыш-жаза кодексинин 209-беренеси (алдамчылык) боюнча кылмыш иши козголду. Шектүү катары 48 жаштагы аял кармалып, убактылуу кармоочу жайга киргизилди.

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты