Бишкекте велосипед жүрүшү өттү

  • 1 месяц мурун

Бүгүн, 5-апрелде, Бишкек шаарында жаздын жылуу күнүндө “Веломаал 2025” аттуу салтка айланган веложүрүш өттү.

Бул тууралуу Бишкек мэриясы билдирди.

Иш-чарага жүздөгөн шаардыктар — велосипед сүйүүчүлөр жана активдүү жашоо образын жактагандар катышты.

Анда айтылгандай, веложүрүш Дайыр Асанов атындагы Жеңиш паркындагы эстеликтен башталып, “Газпром-балдарга” дене тарбия-ден соолукту чыңдоо комплексинде аяктады. Катышуучулар 5,5 чакырым аралыкты велосипед тээп өтүштү. Жүрүш соңунда атайын майрамдык программа уюштурулду.

“Иш-чарага мэрдин орун басары Виктория Мозгачева да катышып, шаардыктарды куттуктап, Бишкекте вело спортун өнүктүрүү зарылдыгын баса белгиледи” деп айтылат маалыматта.

Коопсуздукту камсыз кылуу үчүн Жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо башкы башкармалыгы тез жардам унаалары жана ыктыярчылар тартылды. Велоколонна жол эрежелерин сактоо менен, тартиптүү жана коопсуз түрдө жылып, көрсөтүлгөн жерге жетип келишти.

Спорттук иш-чараны Бишкек шаарынын Дене тарбия жана спорт, туризм жана жаштар менен иштөө боюнча департаменти жана Бишкек шаарынын велоспорт федерациясы уюштуруп, веломаалдын ачылышын салтанаттуу өткөрүштү.

Сүрөт: Бишкек мэриясы

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты