Бишкекте Турусбеков көчөсүнүн бир бөлүгү убактылуу жабылды

  • 2 месяца мурун

Бишкек шаарынын мэриясынын капиталдык курулуш башкармалыгы тарабынан мурдагы «Туңгуч» театрынын (мурун «Metro Pub» түнкү клубу болгон) имаратында капиталдык оңдоо иштери жүргүзүлүп жатат.

Бул тууралуу Бишкек мэриясы билдирди.

Маалыматта айтылгандай, ички жасалгалоо иштери аяктоо алдында,  өндүрүштүк муктаждыктарга байланыштуу Турусбеков көчөсүнүн Киев көчөсү менен Чүй проспектисинин ортосундагы бөлүгү жылуулук трассасын алмаштыруу үчүн убактылуу жабылууда. Көчөнүн батыш  тарабы кыймыл үчүн жабылган, чыгыш тарабы ачык.

Жылуулук трассасын алмаштыруу иштери 29-сентябрга чейин аяктап, бул участоктогу кыймыл толугу менен калыбына келтирилери белгиленди.

Иллюстрациялык сүрөт: Интернет булактарынан

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты