Бишкекте турак үйдөн чыккан өрттөн улам, 19 киши убактылуу жайга жайгаштырылды

  • 1 месяц мурун

Кечээ, 10-декабрда, Бишкек шаарынын Биринчи Май районунун “Балбан таймаш” конушунда жайгашкан эки кабаттуу турак үйдөн өрт чыгып, анын кесепетинен 19 киши убактылуу жайга жайгаштырылган.

Бул тууралуу өзгөчө кырдаалдар министрлиги (ӨКМ) билдирди.    

Өрттү өчүрүүгө саат 13:18де Ленин райондук N6 Өрт куткаруу бөлүгүнөн 2 күжүрмөн эсеп тартылып, “тилсиз жоо” саат 16:40 толук өчүрүлгөн. Өрттүн кесепетинен жыгач устундуу калай менен жабылган жалпы аянты 250 ч.м эки кабаттуу үйдүн чатыры, экинчи кабаттын жыгач полу, терезе, үй-тиричилик буюмдары күйгөн.

Учурда өрттүн келип чыгуу себеби такталып жатканы, адам өмүрүнө зыян келбегендиги белгиленди.

«16 батир жайгашкан эки кабаттуу үйдөгү 19 киши жарандык коргонуу комиссиясы тарабынан убактылуу N1гимназия-интернатка жайгаштырылып, тамак-аш менен камсыздалууда» деп айтылат маалыматта.

Сүрөт: ӨКМ

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты