Бишкекте турак үйдөн чыккан өрт өчүрүлдү

  • 1 месяц мурун

Бишкек шаарынын Свердлов районунда 15-октябрда түнкүсүн Акылбеков көчөсүндө жайгашкан турак үйдөн өрт чыкты.

Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлиги (ӨКМ) билдирди.

Өрттү өчүрүүгө саат 23:11де Свердлов райондук №3 өрттөн-куткаруу бөлүгүнөн өрт өчүрүүчү машина, саат 23:19да кошумча №3 ӨКБдан бир, саат 23:23тө Октябрь райондук №7ӨКБдан дагы бир машина,  жалпы 3 бөлүм жана штаб тартылды.

Ыкчам аракеттердин натыйжасында өрт саат 00:11де чектөөгө алынып, саат 02:42де өчүрүлдү.

ӨКМдин Бишкек шаары боюнча башкармалыгынын ыкчам нөөмөтчүсүнүн берген маалыматына ылайык, тилсиз жоонун жалпы аянты болжол менен 200 чарчы метрди түзгөн. Жабыркагандар жок.

Сүрөт: ӨКМ видео тасмасынан алынды

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты