Бишкекте турак үйдөн 68 жаштагы аялдын сөөгү табылды

  • 2 года мурун

Кечээ, 24-октябрда Бишкек шаарынын Юг-2 кичи районунда көп кабаттуу үйлөрдүн биринен 68 жаштагы аялдын сөөгү табылды. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка ылайык, куткаруучулар батирдин бекилип калган эшигин ачкан учурда ичинен 1953-жылы туулган Ч. И.нин сөөгү табылган. Куткаруучулар маркумдун сөөгүн Ички иштер министрлигинин кызматкерлерине өткөрүп беришти.

Сүрөт: ӨКМ басма сөз кызматы.

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты