Бишкекте Токомбаев көчөсүнүн бир бөлүгү убактылуу жабылат
- 3 месяца мурун
Бишкек шаарында 21-март күнү саат 19:00дөн тартып 22-март саат 06:00гө чейин Аалы Токомбаев көчөсүнүн Сухэ-Батор көчөсүнөн Жукеев-Пудовкин көчөсүнө чейинки бөлүгү убактылуу жабылат.
Бул аралыкта жөө жүргүнчүлөр өтүүчү көпүрөнүн металл конструкцияларын орнотуу иштери жүргүзүлөт.
Мэрия шаар тургундарынан жана айдоочулардан убактылуу ыңгайсыздыктарга түшүнүү менен мамиле кылып, каттамыңыздарды алдын ала пландап алууну суранат.
Иллюстрациялык сүрөт: Интернет булактарынан
Муну бөлүшүү




