Бишкекте ТМУ мамлекеттердин өкмөт башчыларынын жолугушуусу өткөрүлөт
- 10 месяцев мурун
Кыргыз Республикасынын президенттик администрациясында 18-сентябрда Түрк мамлекеттер уюмуна (ТМУ) мүчө мамлекеттердин өкмөт башчыларынын жана вице-президентинин жолугушуусу өткөрүлөт.
Жолугушууга Азербайжандын премьер-министри Али Асадов, Казакстандын премьер-министри Олжас Бектенов, Кыргызстандын Министрлер кабинетинин төрагасы Адылбек Касымалиев, Түркиянын вице-президенти Жевдет Йылмаз, Өзбекстандын Премьер-министри Абдулла Арипов катышат жана Түрк мамлекеттер уюмунун башкы катчысы Кубанычбек Өмүралиев катышат.
Жолугушуунун жүрүшүндө артыкчылыктуу багыттарда: экономика, соода, инвестиция, транспорт, санариптештирүү, энергетика, айыл чарба жана башка тармактарда кызматташуу, ошондой эле аны мындан ары бекемдөө үчүн Түрк мамлекеттер уюмунун ишмердүүлүгүнүн механизмдерин жакшыртуу маселелери талкууланат.
Иллюстрациялык сүрөт: Интернет булактарынан




