Бишкекте таштанды контейнерлеринин жанына токтотулган унааларга айып салынат

  • 1 месяц мурун

Бишкек шаарында таштанды контейнерлеринин жанына туура эмес токтотулган унаалар мажбурлоо жолу менен эвакуацияланып, ээлерине айып пул салынат.

Бул тууралуу Бишкек шаарынын мэриясы билдирди.  

Буга байланыштуу Көк-Жар кичи районундагы Малдыбаев көчөсүндө, ошондой эле Абай көчөсүндө (Горький көчөсүнө чейин) текшерилди. Рейддин жыйынтыгында «Укук бузуулар жөнүндө» кодексинин 188-беренесинин 1-бөлүгү боюнча протоколдор түзүлдү.

Жалпысынан «Тазалык» ишканасынын атайын техникаларынын ишине тоскоолдук жараткан 9 унаа эвакуацияланып, айып короого жеткирилди.

Мэрия таштанды төгүүчү жайларга унаа токтотууга каршы рейддер туруктуу негизде өткөрүлөрүн билдирди.

Сүрөт: Бишкек шаар мэриясы

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты