Бишкекте  төрт автобустун каттамынын кыймыл-чиймеси убактылуу өзгөртүлдү

  • 2 месяца мурун

Бишкек шаарында Ауэзов көчөсүнүн Салиева көчөсүнөн тартып Жибек Жолу проспектисине чейинки бөлүгү реабилитация иштерин жүргүзүү үчүн жабылгандыгына байланыштуу, төрт автобус каттамынын кыймыл-чиймеси убактылуу өзгөртүлдү.

Бул тууралуу Бишкек мэриясы билдирди.

№36, №105, №152 жана №162 автобус каттамдары убактылуу жаңы схемалар боюнча каттайт.

Бишкек мэриясы убактылуу жаралган ыңгайсыздыктарга түшүнүү менен мамиле кылып, каттамдарыңызды алдын — ала пландап алууну сунуштайт.

Иллюстрациялык сүрөт: bishkek.gov.kg

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты