Бишкекте “Түрк дүйнөсүнүн аялдар ааламы” аттуу көргөзмө өтөт

  • 2 месяца мурун

6-8-июнда Гапар Айтиев атындагы Кыргыз улуттук көркөм сүрөт музейинде «Түрк дүйнөсүнүн аялдар ааламы» көргөзмөсү өтөт.

Маданият министрлигинин маалыматы боюнча, көргөзмөдө түрк мамлекеттеринин көркөм сүрөт искусствосунун алдыңкы өкүлдөрүнө орун берилген. Алардын арасында Наргиз Гулиева (Азербайжан); Лейла Махат жана Гулназым Омирзак (Казакстан); Орозган Мамбеталиева, Роза Жангарачева, Гүлнара Мусабай, Нюргуяна Иннокентьева , Зуура Турдубаева, Нуркан Кангелдиева (Кыргызстан); Хадижа Амансахедова жана Айнагозель Нурыева (Түркмөнстан); Халима Туркйылмаз жана Камуран Кардаш (Түркия ); Шахноз Абдуллаева жана Сарвиноз Касымова (Өзбекстан) бар.

Уюштуруучулар-ТҮРКСОЙ, Кыргыз Республикасынын маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министрлиги.

Көргөзмөнүн куратору — Өзбекстандын көркөм сүрөт академиясынын академиги, искусство таануу илимдеринин доктору, профессор, Өзбекстандын көркөм сүрөт галереясынын директору Камола Акилова.

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты