Бишкекте сыйымдуулугу 30 миң кишилик жаңы стадион куруу пландалууда

  • 2 года мурун

Бишкек шаарында сыйымдуулугу 30 миң кишилик жаңы стадион куруу пландалууда. Бул тууралуу президент Садыр Жапаров кечээ, 10-декабрда кыргыз футболунун 100 жылдык мааракесине арналган салтанаттуу иш-чарада билдирди.

“Учурдагы кыргыз футбол чөйрөсүндө көйгөйлөр да жок эмес. Инфраструктурабыздын начардыгы спорттун бардык тармагы үчүн эң чоң көйгөй жаратып келет. Өлкө боюнча жаңы стадиондорду куруу аймактарда футбол оюндарын өнүктүрүүгө чоң түрткү бермек. Кудай буюрса, Бишкек шаарынан баштайбыз. Совет-Түштүк магистралдын жанында курууну пландаштырып жатабыз. Ал жак 30 миңден кем эмес көрүүчү үчүн болот. Бирөөдөн жардам сурабайбыз. Өзүбүздүн, бюджеттик акчага курабыз”, — деди президент Жапаров.

Кечээ, Бишкек шаарында кыргыз футболунун 100 жылдык мааракеси салтанаттуу белгиленди. Анын алкагында футболдун 100 жылдык өнүгүү мезгилин чагылдырган архивдик сүрөттөр камтылган фотокөргөзмө уюштурулуп, концерттик программа менен коштолгон салтанаттуу иш-чара өттү. ФИФАнын президенти Жанни Инфантино видеобайланыш аркылуу куттуктады.

Кыргызстанда биринчи футбол оюну 1921-жылы Пишпек (азыркы Бишкек) шаарынын жана Верный (азыркы Алматы) шаарынын командаларынын ортосунда болгон. Кыргызстандын «Алга“ командасы СССР чемпионатында биринчи жана экинчи лигада ойногон.

Учурда Кыргызстандын премьер-лигасында сегиз команда бар.

Кыргызстандын футбол боюнча курама командасы 2018-жылы Азия Кубогуна жолдомо алып, ФИФАнын рейтингинде 75-орунга көтөрүлгөн. Бул кыргыз футболунун тарыхындагы эң жогорку көрсөткүч болуп калды. 

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты